www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн Шамбесай айылында кенди иштетүүгө каршы митинг болуп жатат.
Нааразылык акциясына болжол менен миңге жакын киши катышууда. Алар Шамбесай алтын кенин жабууну жана анда иш алып барып жаткан компаниялардын аймактан чыгып кетишин талап кылышууда. Чогулгандар ошондой эле кенди иштетүү экологияга зыян экенин, кенден мамлекет да, эл да пайда көрбөй турганын айтып жатышат. Жергиликтүүлөр кытай компаниясына нааразы пикирлер жазылган плакаттарды кармап чыгышкан.
Митингге Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков, УКМКнын жана милициянын аймактык жетекчилери, кызматкерлери да катышып жатат.
Ал эми жолугушууга келген “Тианди” Кытай компаниясынын өкүлдөрү Шамбесай кенин цианид колдонбой жаңы технология менен иштетишерин айтты.
Жергиликтүү бийлик буга чейин 2-февралда Шамбесай кени боюнча жыйын өтөрүн, анда кенди иштетүүчү компания менен жергиликтүү тургундар жолугуп, иштөө тартиби жөнүндө элге маалымат берилерин айткан.
Шамбесай кенинде болжол менен сегиз тоннага жакын алтын бар. Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы аны казууга лицензия берилген.
Маалым болгондой, кендин кожоюндары бир канча жолу алмашкан.
Булак: NazarNews.kg