www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бийликтегилер дайым жаш кадрлар тууралуу сөз кылганда жагымдуу сөздөрдү айтышат. Бирок, кылган иши менен сөздөрү көп учурда дал келбейт. Бир мисалды сиздерге сунуштагым келип жатат. Бишкекте көзгө басар Кожомкул атындагы спорт сарайы бар. Мурда анын абалына мышык ыйлагыдай болуп, дубалы көчүп, устундары чирип, астынан суу өтүп калган болчу. Кыска убакытта абалы өзгөрүп, суу өтүп жаткан залдар калыбына келтирилип, ремонт иштери болуптур. Сыртында парковкалар, жолдоруна асфальт төшөлүп тегизделген. Мунун баарын мамлекет эмес, ал жерге кыска убакытка жетекчи болуп келген, буга чейин 7 жыл Кытайда билим алган 34 жаштагы Эдил Касенов деген жигит жеке каражатына, өздүк булактарынын жардамы менен бүтүрүптүр.
Жалпы ремонт ишине миллиондогон сом каражаттар жумшалыптыр. Мунун баарын спорт өкүлдөрү, ырчылар айтып беришти.
Муну менен токтолбой дагы оңдоо иштерин максат кылып жатканда баягы эле буттан чалмай саясат аны кызматтан кетиришип тынышыптыр.
Өкмөт башчы болуп келген Сооронбай Жээнбеков анын иштерине баа берип, азамат экен деп далыга сылап, жаш кадрдын билимин, жөндөмүн пайдалануунун ордуна кызматынан алып, жеке каражатына оңдогон ремонт ишинен кыйкым издешип, учурда тийиштүү органдар анын артынан түшүп куугунтук кылып жатыптыр. Ушундай дагы акмакчылык болобу?!
Мамлекеттен бир тыйын бербегенден кийин, жеке жөндөмү менен кайтарымсыз инвестиция тартып, өзүнүн чөнтөгүнөн чыгарып спорт тармагын таркысы келип жаткан адамга мындай акмакчылык мамиле өтө туура эмес. Анан калса, аны кызматтан алгандан кийин ордуна алып келген жетекчи спорт сарайдын оңдолгон залдарын, бөлмөлөрүн жеке адамдарга арендага берип, ал жерге кийим кечек саткан бутик кылып алышыптыр. Ушундай осол мамиле, адамдын эмгегин баалабагандык Кудайга деле жакпаса керек.
Бул менин байкаганым жана спортчулар, маданият өкүлдөрүнөн уккан кептерим. Далилдүү болуш үчүн Эдил Касенов деген жигит жасаган иштердин жыйынтыгын, фотолорун, видеолорун дагы тиркеп жатам.
Сооронбай Жээнбеков жаштарды мынтип ит капкандай бозортпой көңүлгө алса болмок. Чет элден билим алып, тажрыйбасын элине жумшайын деп келген көп жаштар Эдил Касенов сыяктуу мамилеге жийиркенип кайра кетип калышат. Кыргызстандагы адам кадырын баалабагандык, коррупция, тааныш-билиштик өнөкөт өлкөнү алдыга сүйрөбөй эле артка тартып баратат.
Президент Алмаз Атамбаев досу Сооронбай Жээнбековду чакырып , “бир жаш жигит спорт сарайын өз каражатына оңдогон экен, барып карап, таанышып, баа берип кой. Азыр текшерүүчүлөр артынан ач иттей эле түшүп алыптыр”,-деп койгонго жарайт бекен?
Кадр жок деп какшашат, сырттан келген кадрларга ушундай мамиле кылышат. Анан ирээнжиген сапаттуу жаштар кайра мыйзам үстөмдүк кылган, адам кадыры бааланган мамлекеттерге кетип калып жатат. Мунун арты трагедия!
Булак: NazarNews.kg