www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шашылыш билдирүү: жаан, анан кар жаайт

Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматы боюнча, 16-майдан 19-майга чейин аба ырайы кескин түрдө өзгөрөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондорго кар түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. 17-18-майларда абанын күндүзгү температурасы абдан төмөндөп: Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 18…23°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, тоолуу райондордо 0…5° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости