www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-июнда Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын март айында Ш. аттуу жаран арыз ээсине чет мамлекеттен жумуш таап берүүнү убадалап, ишеничине кирип 300 доллар акча алганы айтылган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (“алдамчылык”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

“Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү делинип 1999-жылы туулган Р.Ш. кармалып, СИЗО-1ге бир айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери улантылып жатат”, – деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо байланышып коюуну өтүнөт. Байланыш номерлери: 0(550) 102 609, 0(707) 272 744 же 0312 43-28-15.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости