www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда базардагы жарылуудан 12 адам каза болду

Кытайда азык-түлүк базарында жарылуу болуп, кеминде 12 адамдын өмүрү кыйылды, дагы 138 адам жараат алды. Окуя 13-июнда Шиян (Борбордук Кытай, Хубэй провинциясы) шаарында болду, жабыркагандарды издөө иштери уланууда.

Мамлекеттик телеканалдар жараат алгандардын 37синин абалы оор экенин кабарлоодо.

Таң эрте болгон жарылуудан базардын имараты толук талкаланып, тегерек-четтеги үйлөрдүн айнектери сынып кеткен. Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыкка газ чыгып, өрт тутанганы себеп болгон. Шаарда кан куюу боюнча кошумча бекеттер иштей баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости