www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмү боюнча маселе Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекованын көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Рысбекованын айтымында, учурда окуянын чоо-жайын тактоо үчүн тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.

Бул факты боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, анын курамына президенттин администрациясынын, Жогорку Кеңештин, Ички иштер министрлигинин, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, ошондой эле жарандык сектордун өкүлдөрү кирген.

«Комиссия балдар үйүнүн жашы жете элек тарбиялануучусунун өлүмүнө байланыштуу бардык жагдайларды объективдүү жана кылдаттык менен изилдеп чыгат», — деп билдирди Жыпариса Рысбекова.

Эскерте кетсек, Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусу 1-июнда каза болгон. Анын өлүмү тууралуу кечээ, 12-июнда белгилүү болгон. Ал өзүнөн улуу бала сабап каза болгону айтылууда.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери тергөө аяктаганга чейин интернаттын директорунун балдардын көрсөтмө берүүсүнө кийлигишкенин, баланын өлүмүн жашыруу фактысы болушу мүмкүндүгүн эске алуу менен Билим берүү министрлигине аны убактылуу иштен четтетүү боюнча кат жолдогон. Ошондой эле тергөө иштерин жүргүзүүдө бир катар мыйзам бузуу болгон деген арыздануу болгондуктан ИИМге тергөө иштерин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүү боюнча кайрылышкан.

12 жаштагы бала каза болгонго чейин ден соолугу чың болгону тууралуу медициналык маалымкаттар бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости