www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жылдырылды

Түркия төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2022-жылы өткөрүүнү пландап жатат — бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапарында белгилүү болду.

«Иш-чара пандемиядан улам келерки жылга жылдырылды. Кыргызстан атайын маданий программа даярдайт. Анда «Көчмөндөр ааламы» этнофестиваль уюштуруу каралууда. Каада-салт, үрп-адат, кол өнөрчүлүгүбүздү дүйнөлүк деңгээлде көрсөтүүгө абдан жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт»,  - дейт Кайрат Иманалиев.

Көчмөндөр оюндары биринчи жолу жылдырылып жаткан жок. IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы күзүндө Түркияга өтүшү керек болчу, бирок коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылга жылдырылган.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — бул этникалык спорттун түрлөрү боюнча эл аралык мелдеш. Анын негизин Борбор Азиянын көчмөн элдеринин элдик оюндары түзөт.

Көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2014-жылдан 2018-жылга чейин ар жылы өтүп келген, азырынча эстефета Түркияга берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости