www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы Иштер Министрлигинин берген маалыматына таянсак, эркинен ажыратылгандардын көбү Россия, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын абактарында отурат.

Кыргызстандын 1778 жараны чет өлкөдө эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын көбү Россия, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын абактарында отурат.

Түрмөдөгүлөрдүн басымдуу бөлүгү баңгизат, адам өмүрүнө, ден соолугуна, же жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштарды жасап соттолгон.

ТИМдин расмий маалыматы боюнча бөтөн жерде эмгектенген кыргызстандыктардын саны 700 миңди түзөт.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости