www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлдө сүт тармагын өнүктүрүүгө багытталган мыйзамга кол койду.

Эскерте кетсек, 27-декабрда Жогорку Кеңеш “Бишкек шаарында 2017-жылдын 10-августунда кол коюлган. Кыргыз Республикасы менен "Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамды 3-окууда жактырган.

Мыйзамга ылайык, долбоордун жалпы наркы Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын эсебинен каржылануучу 5 миллион долларды түзөт. Долбоордун 1-фазасы 3 жылдын ичинде ишке ашырылат. 5 миллион доллардын 2 миллион 25 миң сом – грант, ал эми 2 миллион 75 миң сом – насыя. Насыя 38 жылдык мөөнөткө берилет. Жеңилдетилген мөөнөтү 6 жыл. Пайыздык ставка – жылына 0,75 пайыз.

Долбоор Ысык-Көл облусунда сүт тармагын өнүктүрүүгө тоют өндүрүү, ветеринардык кызмат көрсөтүү жана идентификацияны өткөрүү, ошондой эле дыйкандарга инвестициялык колдоо аркылуу көмөктөшүү максатында иштелип чыккан. Анын жүзөгө ашырылышы менен Ысык-Көл облусундагы фермерлердин потенциалынын бекемделиши, сүт азыктарын өндүрүү көлөмүнүн өсүшү күтүлүүдө.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости