www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кайран банкир Бабанов саясаттан толугу менен кетээрин эми билдирип, акыркы иштерин жайгаштырып бүтүрүп жатканын айтышууда. Ал эми көпчүлүк убактысын Орусия менен Түркиянын ортосунда өткөрөт имиш. Албетте, тун кызы Англияда, чоң уулу АКШда билим алып жаткандарын эске алсак, Өмүрбегибиз ошол мамлекеттердин биринде тамырланышып жашап, кичүү балдары менен көчүп кетээри да ажеп эмес. Бул тууралуу Азия Ньюс гезити жазып чыкты.
Белгилей кетсек, 24-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет саясатчы Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иши токтотулганын билдирген.
Маалыматка ылайык, мындай чечимге анын жана туугандары тарабынан жарандардын, ошондой эле, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген фактылардын жоктугу себеп болгон.
Эске салсак, Бабанов мамлекеттин эсебине өз ыктыяры менен 100 миллион сом өлчөмүндө каражат которууга келишим түзгөн.
Ал эми коомчулук саясатчылардын минтип акча менен кутулуп кетип жатканына тынчсызданууда. Көпчүлүк активисттер мамлекетке зыян келтирген аткаминерлер мыйзам алдында жооп бергендин ордуна акча менен кутулуп кеткенине нааразычылыгын билдиришүүдө.
Бул арада мыйзамсыз баюуга шектелген депутат Марат Аманкуловда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) депозиттик эсебине 50 миллион сом которгону маалым болду.
Тергөө учурунда депутат саясий ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө кымбат баалуу мүлктөргө ээ болуп, анын жалпы суммасы расмий кирешесинен бир нече эсе жогору экени такталганын жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg