www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалдагы ооруканада 100дөн ашык бала пневмониядан дарыланууда

Бишкектин Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо борборунда пневмония илдетинен 113 бала дарыланып жатат. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Камчыбек Узакбаев билдирди. 

Анын айтымында, учурда пневмония менен ооруган балдардын саны мурункуга салыштырмалуу азайганы байкалууда.

"Учурда биздин борбордо 113 бала пневмония илдетинен дарыланып жатат. Көпчүлүгү Бишкек шаарынан. Мурункуга салыштырмалуу пневмония илдети менен кайрылган бейтаптардын саны азайганы байкалууда. Алардын ичинен өтө оор абалдагылары жок, оор абалда үчөө, орто оор абалда 12, калгандарынын абалы туруктуу", - деди Эне жана баланы коргоо борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости