www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 “Чимкирик парламенттин” Камчыбек Жолдошбаев сыяктуу ачуулуу депутаты бар. Бул буржуй жакында эле өзү туулган Ат-Башы районундагы  Кызыл-Туу айылынын бир көчөсүнө атын койдуруптур. Эгемендүүлүктү жаңы алганда дагы бир депутат Турдакун Усубалиев өз атын “Теңдик” совхозуна койдурган. Бирок колхоз-совхоздор тарап кетип аты түбөлүккө калбай калды. Мейли Усубалиев жыйырма беш жыл эл башкарды, эмгеги бардыр, ал эми Жолдошбаев кайсы эмгеги үчүн өзүнүн атын тирүү кезинде көчөгө койдуруп жатат? Мурун көзү өтүп кеткен татыктуу адамдардын атын коюша турган, эми Жолдошбаев акча берип, көчөнүн атын сатып алып жатат окшойт. Бирок, Жолдошбаевдин “чимкирик депутаттар” арасында авторитети бар. Анын оюу боюнча, депутаттар элден бийик турушу керек. Ошол үчүн эл түшкөн автобустарга түшпөй, элдин салыгынан чогулуп депутаттарга ыйгарылган кызматтык “иномаркалар” менен гана жүрүп турушу керек. Депутаттардын эл түшкөн автобустарга түшүп турганы уят анын оюнча. Ойлоп көрсөк депутаттарды эл,электорат шайлайт,эмне үчүн эл менен кошо депутаттардын жүргөнү уят. Көп мамлекеттерде депутаттарды койолу премьер-министрлер велосипед минип алып эле жүрүшөт. Лесипедчен өкмөт башчыларын көргөн эл аларга кантип жамандык кылышсын,тескерисинче эл менен кошо жүргөн өкмөт башчыларына сүйүнөт.

Жогорку Кеңеште кабинеттери бир четинен оңдолуп, «чимкириктер» орун ала баштаптыр. Президент Жээнбековдун кабинетине балпайып барып Талант Мамытов отуруптур. Ал эми мурунку спикер Дастан Жумабековдун кабинетине көпөс Камчыбек Жолдошбаев көчүп барды дешет. Көрсө ал Жогорку Кеңештин ремонтуна миллион сом бергип бул кабингетти сатып алган дешет.  Ошон үчүн өзү да чоң, сөзү да өтүмдүү болуп, калгандары «койчу эми, аны менен эсептешип болбойт. Чыр неме, былжытмага тийишпей эле коёлу, билген намазын окусун. Ансыз да биздин кетээрибизге аз убакыт калды» дешип тынчышкан окшойт. Бирок ал буга тойбой өз атын көчөгө тирүү кезинде койдуруп жатканы таң калычтуу.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости