www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Юристтер Конституциянын жаңы иштелип чыккан варианты менен тааныша албай жатканын айтышууда...

- Чынында эле ноябрдан бери иштеп жаткан конституциялык кеңешменин жаңы долбоорун дагы деле көрө элекпиз. Бул эмнеге байланыштуу экенин билбейм. 2010-жылкы Баш мыйзам жазылып атканда ар бир бөлумү жарыяланып, ММК аркылуу чоң талкууга алынган. Мында деле ошондой болуш керек эле.

- Жаңы Баш мыйзамда бийликти узурпациялап албоого кантип бөгөт койсо болот? Дегеле бийлик бутактарындагы тең салмактуулукту сактап калуунун жолдору барбы?

- Мындай принциптердин баары дүйнө жүзүндө иштелип чыккан. Негизгиси, бийликтин үч бутагынын ортосундагы теңдик сакталыш керек. Бийликтин бир бутагы калган экөөнү көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгүн бербеши керек. Качан гана үчөө бири-биринен көз карандысыз болгондо, бийликти узурпациялап алууга жол берилбейт.

- 10-январда эл президенггик башкаруу системасын тандады. Эми бул багыттан алганда, туура иштөө механизмдерине токтолуп өтсөңүз?

- Президештик система менен башкаруу көп эле өлкөлөрдө бар. Бирок, Америкадан башка эч жерде бул система теңдикти алып келген жок. АКШда сот системасы күчтүү жана көз карандысыз болгон үчүн бийликти ээлеп алуу мүмкүн эмес. Ал эми башка өлкөлөрдө үлгүлүү күчтүү система түзүлбөгөндүктөн, президенттик башкаруу жыйынтыгында диктатурага айланып жатат. Биз аны башыбыздан өткөргөнбүз. Ага карабай артка кайгып баратабыз. Эми жагдай кандай болоору белгисиз, мурдагы каталар кайра кайталанат (!) деген коркунучтар бар...

Булак: Азия News гезити

Последние новости