www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"ЗиЛ" тоо-лыжа эс алуу базасында Пакистандык жарандын сабалышы боюнча кылмыш иши ачылып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 17-явнарь күнү Ысык-Ата райондук милициясына эс алуу жайда жаңжал болуп жаткандыгы боюнча билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге укук коргоо органдары барганда 2000-жылы туулган З.А. аттуу чет өлкөлүк жаран арыз менен кайрылган.

Чет өлкөлүк жарандын арызынын негизинде милиция кызматкерлери жаңжалдын бир катышуучусун аныкташкан. "17-январь күнү болжол менен саат 17:00 чамасында аталган базада чет элдик жарандын жеке буюмдары менен эс алып жаткан балдардын буюмдары аралашып кеткендигинен улам чыр чыккан. Чырдын кесепетинен чет өлкөлүк жаран денесинен бир нече жолу жаракат алган. Учурда аталган окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, буга чейин интернетке "ЗиЛ" тоо-лыжа эс алуу жайында Пакистандык жарандын сабалгандыгы боюнча видео жарыяланган. Ал тасмадан эки жигиттин белгисиз жаранды ур-тепкиге алып жаткандыгын көрүүгө болот.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости