www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Мамбетжунус ага, Кыргызстандагы учурдагы саясий кырдаалга кандай баа берет элеңиз?

- Жаңы президент шайланып, элде кичине үмүт болуп турат. Жаңы бийлик келип, өлкөбүз укуктук талаага кирдик өңдөнөт. Коомчулукта «жаңы шайланган президент эмнеден баштайт? Командасы кандай куралат экен?» деп жакшы нерсени күткөнсүйт. Азырынча ушундай кырдаал байкалыл турат.

- Баш мыйзамда эмне өзгөрүүлөр болгонун коомчулук так билбей жаткансыйт. Ушул жаатта пикириңизди уксак?

- Садыр Жапаров өзү Баш мыйзамды өзгөртүүнүн башыида демилгечи болгонсуп кирген эле. Ошондон улам конституциялык кеңешменин курамы түзүлүп, алар жаңы долбоорду даярдамак. Бу жерде эки учур каралып жатат; мамлекеттик башкаруу системасы парламенттикпи же президенттикпи делип, референдум катары такталып, эл президенттик башкарууну тастыктап беришти. Ошого карата 28-январда президенттин инаугурациясы өткөндөн кийин Конституцияны кайра референдумга алып чыгуу жана кайсы пункттарына өзгөрүү киргизилери тууралуу элге алып чыгаар алдында юристтер баардык жагын кынаптап, бышыктап чыгышаары айтылууда. Ал эми референдум болсо апрель айында жергиликтуү кеңештин шайлоосу менен бир күндө өтөөрүнөн да кабардармын.

- Садыр Жапаров президент болуп шайланды. Ал ишти эмнеден баштаса деп турасыз?

- Кыргыз мамлекети абдан оор акыбалда турат. Каягын карабайлы, чечилбеген маселелер көп. Бул президент элдин атынан шайланып келгенден кийин эң ириде ачкөздүгүн карматпаса дейт элем. Себеби, биздин буга чейинки президенттер ачкөздүгүн карматып, акыры эмне менен бүткөнүн баарыбыз көрүп жатабыз. Ачкөздүк бар жерде коррупция чыгат экен. Экинчиси, жанында жүргөн кошоматчыларга алдырбаса деген ой.

Бизде кошоматчыларды эл тааныйт. Алар Акаевдин «Алга Кыргызстан», Бакиевдин «Ак жол», Атамбаевдин КСДП, Жээнбе-ковдун «Биримдик» партияларына улам-улам журт которуп өтө калгандар. Ушулар кайтып келип Садыр Жапаровдун үгүт иштеринде тамандары жыртылгыча чуркап жүрүшпөдүбү.

Эгерде СадырЖапаров ушулардын чеңгелиңде калып кала турган болсо, анда Кыргызстанды жакшы жакка өзгөртө албайт жана өзүнүн тагдыры да аянычтуу бүтүп калышы ыктымал. Мындан сырткары, ичкүйдүлүккө алдырбаса дейт элем. Саясатка, бийликке келген адамдардын ичкүйдүүлүк оорусу кармаса жаман болот эмеспи. Муну башыбыздан өткөрдүк го. Атамбаев ушунун айынан баардык саясатчыларды камап чыкты. Саясий куугунтукка дуушар кылып, коррупцияга шектеп, же «бийликти басып алат» демиш этип. Азыр кимди алып көрбө, баары эле соттолуп же камакта отуруп чыккан болуп жатпайбы. Азыркы президент да ушул жолго түшө турган болсо, анда анын тагдыры Атамбаевдикин кайталап калат. Дагы бир жолу кайталап коёюн, болгону ачкөздүккө алдырбасын, кошоматчылардын чеңгелинде калбасын жана ичкүйдүүлүгүн карматпасын...

Булак: Азия News гезити

Последние новости