www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвага 4 жарым саат кечигʏʏ менен келдим. Мындай бир гана Советтер Союзунда болушу мʏмкʏн. Бул биздин темир жол тармагынын азыркы кʏндѳгʏ ал-ахыбалын сʏрѳттѳйт. Ыйлай тургандай ал-ахыбал. Кантип эле чирип бараткан бийликтин бизди жыгууга алы жетсин? Андан ары эмне болот? Бир кудай алла-таллам билет. Бористе болдум…
Чоӊ театрда «Хованщина» болуп жатат. Бул М.дин сʏйгѳн чыгармасы. Менин да кѳргʏм келди эле, бирок кечигип калдым.
Кайрадан тамеки тарта баштадым. Мен ага берген сѳзʏмдү кармай алган жокмун. Жаман симптом. Ага болгон кусалык, келечегимдин  айкынсыз болушу, нервимдин чыдабай кетиши – ушунун бары менин тамеки тартуума себепкер болууда.
23.08.1928

Жусуп Абдрахманов, “Күндөлүктөр”

Орус тилинен которуп даярдаган: 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости