www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Камчыбек Ташиев өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиевге Фейсбук баракчасынан коронавирус тууралуу кайрылуу жасады.
Анын кайрылуусу төмөндө өзгөртүүсүз берилди:
“Урматтуу Мухамметкалый Дуйшекеевич!
Сиздин Кытай мамлекетине коронавирусту жеңүүгө жардам беребиз деп айтканынызга көптөгөн жарандарыбыз туура эмес пикирлерин билдирип жатышат. Бирок, бул сиздин айткан сунуш эң туура деп эсептеймин, себеби Кытай мамлекети биздин өлкөдө болгон өзгөчө кырдаалдар мезгилинде ар дайым биринчилерден болуп жардам берип келишет. Эки мамлекеттин министрликтеринин ортосунда келишим да түзүлгөн. Ошондуктан мүмкүнчүлүккө жараша коңшу мамлекетте түзүлгөн өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча тез аранын ичинде жардам колубузду сунушубуз керек”,-дейт Ташиев.
Белгилей кетсек, кыргыз өкмөтү коронавирус менен күрөшүп жаткан Кытайга гуманитардык жардам берүүгө белсенип жаткандыгын өкмөт башчынын маалымат кызматы билдирген.
Анда өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиев: "Биз коронавирус инфекциясынан тез арада арылуу максатында кытай тарап менен тыгыз кызматташуу багытын колдойбуз. Кытайдын бийлиги вирустун жайылышын токтотуу жана анын кесепеттерин азайтуу боюнча иш-чараларды активдүү жүргүзүп жатат. Тышкы иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кытайлык өнөктөштөргө гуманитардык жардам көрсөтүү маселесин иштеп чыгуусу зарыл", — деп айткан.
Булак: NazarNews.kg