www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүйдө баңги каражаттарын мыйзамсыз сактоо фактысы аныкталганын облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-апрелде Аламүдүн РИИБге Константиновка айылында жайгашкан үйлөрдүн биринде баңги каражаттары даярдалып жана сакталуусу мүмкүн экендиги тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Көрсөтүлгөн даректен жалпы салмагы 2,513 килограммды түзгөн, өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү өсүмдүк тектүү зат табылып, алынган.
Алынган зат — кургатылган марихуана экендиги аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинде (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максаты жок мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1973-жылы туулган С.Ю. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө иштери уланууда.