www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Москва районунда ок атуучу куралдардын, ок-дарылардын жана атайын каражаттардын жашыруун сакталган жайы аныкталды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодское айылындагы «Крепостное» көлмөсүнүн каршысында жайгашкан аймактан ок атуучу куралдар сакталган жашыруун жай аныкталды.

Тактап айтканда, 2026-жылдын 23-апрелинде «А» атайын багыттагы кызматынын адистеринин катышуусунда жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана атайын каражаттар сакталган жашыруун жай табылды. Алдын ала маалыматтар боюнча төмөнкү предметтер: келип чыгышы аныкталбаган 2 ок атуучу курал, 1 колго жасалган курал, келип чыгышы белгисиз 3 граната, ар түрдүү калибрдеги 177 даана гильза жана ок-дарылар, ар кандай куралдарга тиешелүү 9 даана магазин, «Motorola» маркасындагы 3 даана радиостанция, ошондой эле башка предметтер жана атайын каражаттар алынган.

Колдо болгон оперативдик маалыматтарга ылайык, табылган буюмдар жоюлган К. Асанбек жетектеген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө таандык болгон.

Учурда аталган жашыруун жайга тиешеси бар адамдарды жана анын кандай максатта даярдалганын аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Последние новости