www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин реформасынын, Чүй электр тармактар ишканасы электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын алкагында, 2026-жылы Чүй облусунда 119,34 чакырымдан ашуун СИП кабелдери тартуу жана реконструкциялоо иштери пландаштырылган.
Аталган иштер 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык иштеринин негизинде март айынан ноябрь айына чейин аткарылат
Анын ичинде:
- Аламүдүн району – 20,45 чакырым;
- Кемин району – 6,840 чакырым;
- Москва району – 11,100 чакырым;
- Жайыл району – 9,429 чакырым;
- Сокулук району - 33,583 чакырым;
- Чүй району – 15,899 чакырым;
- Ысык-Ата району – 5,68 чакырым;
- Панфилов району - 8 чакырым.
СИП кабелдин өзгөчөлүгү: Изоляцияланган зымдар кардын топтолушуна жана муздун тоңуп калышына аз дуушар болуп, электр тармагынын ишенимдүүлүгүн бир топ жогорулатат. Катуу шамалда электр энергиясынын кыска туташуусуна жана үзгүлтүккө учурашына жол бербейт. Табигый терс факторлорго туруктуу келет.
Бул иштер керектөөчүлөрдү күз-кыш мезгилинде туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу жана мүмкүн болгон авариялык абалдарды алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.
Электр энергиясы боюнча кошумча маалымат алуу үчүн сиздер күнү-түнү төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:
105 (акысыз чалуу)
+996 772 001209
+996 556 001209
WhatsApp: +996 702 001209