www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй: 63 жаштагы тургундын үйүнөн баңгилабораториясы табылды

Чүй облусунун тургунунун үйүнөн баңги лабораториясы табылды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кылмышка шектүү делип Чүй облусунун жашоочусу 1960-жылы туулган К.С. кармалды.

Анын үйүнөн бир нече банка жана үч таңгак кургатылган кочкул жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган. Алынган заттын жалпы салмагы 2,5 кг.

Ошондой эле тыюу салынган заттарды даярдоо, таңгактоо, сатуу жана колдонуу үчүн колдонула турган жабдуулар – электрондук тараза, кайчы, ар бири 100 мл болгон 12 бөтөлкө спирт, скотч, көбүк, баштыктагы бал мому, медициналык скальпель табылган.

Кармалган адам жана чогултулган буюм далилдери Аламүдүн РИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости