www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-май саат 22:00дөн тарта Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн толугу менен жабылып, аталган көчөлөр менен жүргөн автобустардын каттамдары өзгөртүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.

Көчөлөр Бишкекте Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде жер алдындагы өтмөк жана унаа токтотуучу жай куруу боюнча ири долбоорго байланыштуу жабылууда.

Ж. Абдрахманов жана Ибраимов көчөлөрү кесилишкен бөлүгүндөгү №7, 34, 38, 166-маршруттук каттамдар Жумабек көчөсүнө багытталат.

Ал эми №5, 11, 16, 21, 25, 36, 50, 104, 129, 135, 152, 169, 216, 222, 227 жана 254-маршруттук каттамдар убактылуу Киев көчөсү аркылуу өткөрүлөт.

Мэрия тыгынды азайтуу үчүн светофордун цикли да транспортко туураланарын билдирди.

Последние новости