www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө аял бычакталып каза болду

Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектелип Төмөнкү Ала-Арча айылынын 34 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-январда милицияга Төмөнкү Ала-Арча айылында эркек киши 37  жаштагы К.Р. аттуу өнөктөшүн бычактап, тез жардам кызматы келгенге чейин ал каза болуп калганы тууралуу маалымат түшкөн. Адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сурак учурунда ал аялды өлтүрүү мас абалындагы чырдын негизинде болгонун айткан.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости