www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кең-Булуң айыл аймагынын катуу тиричилик калдыктары сакталган полигонунда таштандынын түтөө фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, окуядан кийин министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жеринде текшерүү жүргүзүшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө түтөп жаткан полигонду өчүрүү иштери Кең-Булуң айыл өкмөтүнө караштуу «Мурас» муниципалдык ишканасы тарабынан ыкчам уюштурулуп, түтөө толугу менен жоюлганы аныкталган. Ошондой эле мындай учурлардын кайталанышына жол бербөө боюнча алдын алуу чаралары көрүлгөн.

Мындан сырткары, аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кең-Булуң айыл өкмөтүнө карата Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык эки протокол түзүлүп, жалпы суммасы 46 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Последние новости