www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдөгү кыз ала качуу: Окуянын чоо-жайы

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Кеминдеги ала качуу фактысын четке какты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, 11-июнь күнү Кемин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургундан белгисиз адамдар кыз ала качып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Милиция кызматкерлери унааны Токмок аймагынан кармашып, бардык жүргүнчүлөр Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Жүргүнчүлөрдүн айтымында, алар 10-июнь күнү саат 21:00дөр чамасында Бишкектен Токмоктогу кафелердин бирине достору менен жолугушуу үчүн жөнөшкөн. Түнкү саат 00:00дө ал жерден чыгып, андан ары кетүүнү пландашкан. Бирок жолдо чыр чыгып, таарынган кыз өтүп бара жаткан унаа менен кетүүнү каалаган. Бирок, элдешкенден кийин кайра борборду көздөй жөнөшкөнү маалым болгон.

«Ошол эле учурда аталган кыз  бул факты боюнча ички иштер органдарына арыз берүүдөн баш тартып, ала качуу фактысы болбогондуктан ишти токтотууну суранганын маалымдайбыз», - деп айтылат милициянын маалыматында. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости