www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мамлекеттик катчынын Европа жана Евразия иштери боюнча жардамчысынын биринчи орун басары Дерек Хогандын айтымында, Украинага өкмөттү сактап калуу үчүн ай сайын 1,5 миллиард доллардай акча жөнөтөт.

"Биз буга чейин ар кандай механизмдер аркылуу бул максаттар үчүн бир миллиард доллар бөлгөнбүз жана биз 4-5 айга ай сайын дагы 1,5 миллиардга жакын акча жөнөтүүгө ниеттенип жатабыз", - деди ал Wilson аналитикалык борборунун сайтында талкуу учурунда.

Анын айтымында, Киев бийлигинин түз колдоосу президент Джо Байдендин администрациясынын артыкчылыктуу багыттарынын бири.

Буга чейин АКШ Конгресси Украинага жардам катары 33 миллиард доллар берүү чечимин кабыл алган. Анын ичинен 20,4 миллиарды аскердик жардам берүүгө жумшалары белгилүү болгон.

Ал эми Германия Украинага убада кылган Gepard зениттик куралдарын жеткире албай калганы айтылган. Буга снаряддын жетишсиздиги себеп болгон.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости