www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун тургундарынан опузалап акча талап кылып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, август айынын ортосунда Чүй облусунун аймагында жашаган жарандар ички иштер органдарына кайрылып, кол салуу жана опузалоо фактылары тууралуу билдиришкен. Ага ылайык, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү жаранга келип, кылмыштуу максаттары үчүн 50 миң сом акча каражатын талап кыла башташкан.

Башында алар коркутуу жана физикалык зомбулук көрсөтүү жолу менен 15 миң рубль акча каражатын алып, калган акчага жакын арада келерин айтып кетишкен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Опузалап талап кылуу) белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. 

18-августта жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринен Чүй облусунун тургуну, мурда соттолгон, криминалдык авторитеттер менен тыгыз байланышта болгон 1981-жылы туулган Р.Р. аттуу кылмшыка шектүү жаран кармалган.

Белгилей кетсек, опузалап алынган сумманын бир бөлүгүн алган кийинки учуру милиция кызматкерлери тарабынан катталып, документтештирилген. Кармалган кылмышка шектүү жаран Ысык-Ата районунун ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда аталган факты боюнча тергөө иштери улантылууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости