www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайда чоң атасы небересин барымтага алып, кун катары 70 миң доллар талап кылган. 65 жаштагы адам бул акчаны кумар оюндарына коротууну көздөгөн.
Окуя Юань аттуу кытайлык жаран небересин бала бакчадан алганы барганда болгон. Бирок ал кызды ата-энесине алып барбастан, өз кызына телефон чалып, акча доолаган.
"500 000 юан котор, болбосо кымбаттуу кызыңды эч качан көрбөйсүң!" — деген киши.
Адегенде кытайлык аял небересин коё берүү үчүн атасын көндүрүүгө аракет кылган, бирок андан эч нерсе чыккан эмес. Андан соң ал полицияга жардам сурап кайрылып, болгон окуя тууралуу кабарлаган. Окуя болгон жерге укук коргоо кызматкерлери келип, Юанды кармашкан.
Shanghai Law Journal порталынын маалыматы боюнча, чоң атасы баарына жакындарын күнөөлөп жатат. Анын айтымында, үй-бүлөсү анын өлүшүн каалашат. Ал соттун чечимине даттанган жана анын ишин үй-бүлөлүк чыр катары кароо керек деп ишенет.
Чындыгында, Кытайдагы соттор үй-бүлөдөгү кээ бир кылмыштарды, анын ичинде зордук-зомбулукту үй-бүлөлүк маселелер катары карайт. Алар үчүн жаза анчалык деле катуу эмес.
Булак: NazarNews.kg