www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чодуев калпычыбы?

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева: “ЕАЭБге кирген мамлекеттер Кыргызстандын канча айыл чарба продукциясын өткөрбөй артка кайтарды?” – деп Айыл чарба министри Эркинбек Чодуевге суроо узаткан.

Министр оозу-мурду кыйшайбай туруп “ЕАЭБ мамлекеттерине жөнөтүлгөн товарларды чек арадан өткөрбөй койгон фактылар жок” – деп так кесе айткан. Мына 23-сентябрдан 3-октябрга чейин Россельхознадзордун Оренбург облусу боюнча башкармалыгы Россиянын федералдык коопсуздук кызматы менен биргеликте Казакстан менен чектешкен бекеттерден Кыргызстандан товар ташып бараткан автоунааларды токтоткон. Текшерүүдөн кийин Кыргызстандан бара жаткан 20 тонна кургатылган мөмө-жемишти фитосанитардык сертификаты туура эмес деп артка кайтарган. Карантиндик-фитосанитардык талаптарга жооп бере турган документтери жок 19,6 тонна болгар калемпири жаңа 78,9 тонна жүзүм, анар, күрүч, курма, грек жаңгагы, кургатылган мөмө-жемиш Россияга кирбей калган. Ошондой эле бул күндөрү Казакстандан бара жаткан 241,3 тонна товар да артка кайтарылганы айтылат.

Мындан сырткары, Казакстандын Айыл чарба министрлигинин сайтында 15-21-июль күндөрү Кыргызстандан алып бараткан 500 килограмм алча, 22 тонна пияз жана 10,4 тонна мөмө-жемиш артка кайтарылганы жазылган, деп "Фабула" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости