www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төрөбай Зулпукаров, Жогорку Кеңештин депутаты: “Бүажар эжекебиз ар бир сабагын жан дили менен өтчү”, деп "Де-Факто" гезитине маек курган.
--"А" деген арипти тааныткан биринчи мугалимиңиз ким эле?
--Мага алгачкы тамга тааныткан мугалимим Бүажар эже. Эжекебиз Ош областына караштуу Ноокат районундагы ошол убактагы Калинин мектебинде билим берген эң мыкты мугалимдердин бири болгон.
Бүажар эже балдарды эркелетип, урушпай, акырын айтып жүрөгүңө жеткире айтып, жан дили менен берилип сабак өтчү. Мен жакшы окуганым менен шоктугум да бар эле. Азыр ойлосом эжекебиз бизди тарбиялаш үчүн далай күч, эмгек жумшаптыр. Жуманын экинчи күндөрү линейкага жакшы окугандыгым үчүн чыксам, бешинчи күнү линейкага шоктук кылгандыгым үчүн бат-бат чыгып турчумун. Ошондо да бир жолу кыйкырып урушкан жок. Жанагы 10, 20 жылдык өткөрүүнү туура эмес дегендер бар го, мен ошону туура көрөм. Классташтар менен эже-агайларга ошондой кечелерде гана жолугууга шарт түзүлүп, сагынычыбызды таратат экенбиз да. Айылга барган сайын шайлоочум, биринчи мугалимим катары келип калганда төрүмдөн орун алгандардын бири Бүажар эжем. Сыйыбызды көрүп арабызда жүргөнү бизге чон караан. Эжеме азыр да алкышымды айтып, бийик сый урмат жасайм, деген Төрөбай Зулпукаров "Де-Факто" гезитине берген маегинде.
Булак: NazarNews.kg