www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы митинг көпчүлүктүн жүзүн ачып, кимдин –ким экенин, котур ташы койнунда барларды даана көрсөттү. Жыйынтыгында күн карамалардын, эки жүздүүлөрдүн, тез өзгөрүп калган "хамолендор" толтура экенин баамдап жеттик. Айрым атагы чыккан аксакалдар, агалар, улут үчүн күйгөн эже-сиңдилер өздөрүнүн ким экенин көрсөттү.

Эми атактуу жазуучу, Чолпон Абыкеевдин ?-октябрда жазган шилтесемсине көңүл буралы.

--Жанталашып бийлик талашып аткан жаштар силерди ким "колтугуңарга суу бүркүп" тескери жолго түртүп атат билбейм бирок силер жаштайыңардан жайрап "саясий өлүкө" айланып атасыңар. Силердин келечегиңер али алдыда эле го. Он гүлүңөрдүн бири ачыла элек болчу. Эми эмне болдуңар? Шермендеңер чыкты го. Элдин бетин кантип карайсыңар? Мамлекетти кой бир үй бүлөнү оңдуу башкарууну деле үйрөнө элек жатып он сол бадыраң өстүрүп койсоңор эле "Эл башкарам"- дей бересиңерби? "Ушулар келечекте мыкты саясатчы болушат го"- деп силерден көптү үмүттөнчү элем. Жок дегенде орой айтканда күйөгө тийип эр башкарып көрүп анан эл башкарам десеңер боло. Мына мени Нуржигит Кадырбеков абдан ыраазы кылды. "Мен бийлик талашууга катышпайм. Бул менин абийириме туура келбейт. Биздин партиянын аты "Ыйман нуру" Мен кантип ыймансыз ишке барам"- деди. Эртең шайлоого жүзү жарык барат. Буюрса эл колдойт. Эртең шайлоодо Силер элге эмне деп барсаңар? "Мушташып да тытышып да бийлике жетпей койдук. Бийликке жетсек келмек эмеспиз. Эми силер шайлап бийлике жетеличи"- дейсиңерби? Мынчалык кызуу кандуулука алдырбасаңар болмок. Силерге туура эмес акыл айтып ким тукурса да анын силерге нети кара экен. Келечегиңерге балта чапты. Эл караган бетиңерди жер каратты. Бүгүнкү бийлик убактылуу. Ашса эки айдан кийин чоң шайлоо болот. Келечек ошондо чечилмек. "Бала...бала... баланын иши чала”, болдуңар, - деп жазган Чолпон Абыкеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости