www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл райондук прокуратурасы Чолпон-Ата шаарындагы бала бакчанын курулушуна байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Анда айтылгандай, долбоорго ылайык бакчанын имаратын салууга жалпы 31 млн. 416 миң сом жумшалган. Бул сумманын 21,5% курулушту баштоо, аны уюштуруу, башкаруу жана тейлөө үчүн бекитилген. Бирок Чолпон-Ата шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери эч кандай уруксат кагазы жок 25,9% акчаны коротуп салышкан.

Натыйжада мамлекетке 1 млн 382 миң сом зыян келтирилген.

Бул боюнча муниципалдык кызматкерлерге Кылмыш-жаза кодексинин 304 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 306 ("Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу") айып тагылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости