www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон-Атада ТүркПА кеңешинин жыйыны өтөт

Бүгүн, 24-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кеңешинин отуруму жана XI пленардык жыйыны өтөт.

Буга чейин анда түрк тилдүү мамлекеттердин алака-катышын чыңдоо, уюмдун атын өзгөртүп, логотибин бекитүү өңдүү маселелер каралары маалымдалган.

Кыргызстанга 23-майда Казакстандын Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов жана Азербайжандын Улуттук Жыйынынын төрайымы Сахиба Гафарова, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрайымы Танзила Нарбаева баштаган делегациялар келди.

Жыйындын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

ТүркПА - Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Азербайжандын жана Түркиянын парламенттеринин кызматташтык уюму.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости