www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шоу жылдыздарына окшоп интервью берип, теледен, сайттардан түшпөгөн Аскарбек Жаныбеков аттуу айыл чарба министри бар.
Ошол көп сүйлөгөн министрдин Нурлан Шерипов деген орун басары Жогорку Кеңешке барып, кайрак жер менен сугат жердин айырмасын билбей, берилген суроолорго жооп бере албай, сабак билбеген окуучудай эле туруп берди.
Нурлан Шерипов өлкөдө канча гектар кайрак жер бар экенинен, алардан алына турган салыктын көлөмүнөн да кабары жок экен. “Айыл чарбасынан түшүнүгү жок, кесиби мугалим орун басарын Аскарбек Жаныбеков кыңыр иштерине ортомчу кылып алып жүрөт” деген да кептер бар.
Ошол кайрак жер эмне экенин билбеген орун басарды пайдаланышканбы, айтор, депутат Адахан Мадумаровдун айтымында, өлкөдөгү жер менен иштеген мафиялар салыктан бошотулуптур.
Айыл чарба министрлиги жер мафиясынын кызыкчылыгын коргоп иштеп жатканы ушулбу?
Булак: Азия News гезити