www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" комплексинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 6-саммити башталууда.

Саммитке кеңеш мүчөлөрү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана бул жолку жыйынга байкоочу катары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышууда.

Саммитте кеңештин төрагалыгын Казакстан Кыргызстанга өткөрүп берди. Жыйындын жүрүшүндө түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты арттыруу, спорт жана жаштар саясаты жаатында келишимдерге кол коюлушу мүмкүн.

Бул ирет саммитте Өзбекстан расмий түрдө уюмга кошулушу мүмкүн. Буга чейин өзбек президенти Шавкат Мирзиёев быйыл апрелдеги Түркияга сапарынын жүрүшүндө бул тууралуу билдирген эле. Бирок бул маалымат расмий түрдө айтылган эмес.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган эки күн мурун Бишкек сапарында саммиттин жүрүшүндө бир нече маанилүү чечим кабыл алынарын билдирген. Ал түрк тилдүү өлкөлөр кеңешинин башка мүчөлөрү менен соода жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн жолдору талкууланарын кошумчалаган.

Түрк тилдүү мамлекеттер саммити 2010-жылы расмий түрдө ишин баштаган. Ага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия мүчө. Кыргызстанда кеңештин саммити экинчи ирет өтүүдө. Буга чейин 2012-жылы Бишкекте өткөн эле. Кыргызстанга саммит өткөрүү кезеги 2016-жылы берилип, эки жылдан бери өтпөй келген. 

Булак: "Азаттык"

Последние новости