www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Түркиянын “Маариф” фондунун билим берүү мекемелери ачылат. Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайип Эрдогандын жолугушуусунда бул маселе талкууланды. Эки лидердин 1-сентябрдагы жолугушуусунан соң Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан “Маариф” фонду менен кызматташаарын жарыялады. Бул боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлушу күтүлүүдө.

Буга чейин түрк бийлиги Кыргызстандагы “Сапат” (мурунку “Себат”) билим берүү мекемелерине альтернатива катары “Маариф” фондун сунуштаган. Анткени, “Себаттын” мектептери Түркияда экстремист катары жарыяланган Фетхуллах Гюленге таандык болуп эсептелет. Гюленди түрк бийлиги 2016-жылдагы төңкөрүш аракеттерин уюштуруучу катары белгилеп, мамлекеттик түзүлүштү кулатууга аракеттенген деп айыптап келет.

Анкаранын “Себатты” Кыргызстандын аймагынан жоюу жөнүндө 2016-жылы Алмазбек Атамбаевге айткан сунуштары четке кагылган. Бул сунуштан баш тарткан кыргыз бийлиги ойноок саясат жасап, “Себаттын” атын “Сапат” деп өзгөртүп, мамлекеттин карамагына алганын жарыялаган.

Бирок, Атамбаевдин бул саясаты Түркиянын көңүлүн сындырып, “Сапат-Себатка” болгон мамилеси өзгөрүүсүз калган. Анткени, расмий Бишкектин жогорудагыдай формалдуу кубулма саясатына карабай “Сапат-Себаттын” Гюленге болгон көз карандылыгы сакталып калган. Мындан тышкары, “Себаттын” миңдеген бүтүрүүчүлөрү кыргыз бийлигинин бардык тармактары менен тепкичтерине жайгашып алышкандыктан, алардын кыргыз саясатына болгон таасири жана Түркиянын Кыргызстандагы ролуна каршылык көрсөтүү аракеттерин барган сайын күчөтүп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости