www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Баш мыйзамдын жаңы редакциясында эч кандай узурпация жок, кеп президенттин жоопкерчилиги жөнүндө гана болуп жатат", - деп бүгүн, 27-ноябрда маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин мүчөсү Чолпон Койчуманова билдирди.

Ал узурпацияны жоопкерчилик менен алмаштырбоо керектигин айтты.

"Конституциялык кеңешме түзүлө электе эле кээ бирлер бийликти узурпациялоо жөнүндө сөз кыла башташты. Ал жерде эч кандай узурпация жок экендигин, тескерисинче, президенттин жоопкерчилигин жогорулатуу жөнүндө сөз болгонун көрдүк. Бул эки сөздү алмаштырбоо керек", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости