www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Ош облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасында биринчи ирет TAVI (аорталык клапандын имплантация) технологиясын колдонуу менен жүрөккө операция жасалды. Бул тууралуу кардиохирург Талант Эралиев Facebook баракчасына жарыялады. 

Операцияны Талант Эралиев, Олег Крестьянинов, Канат Аширов жана башка дарыгерлердин тобу жасаган. Клапандын имплантациясы 86 жаштагы бейтапка кан тамыр аркылуу жасалып, жүрөктүн согушу токтогон эмес. 

"Бейтап ойгоо болгон, ага ооруну сездирбей турган дары бергенбиз. Бул операциянын уникалдуулугу — бейтап ооруканада көпкө кармалбайт. Ал тез эле үйүндө дарыланууга чыгарылып, кадимки толук кандуу жашоого кайтат", — деди кардиохирург. 

ТАВИ технологиясы – бул аорталык клапандын биопротездик имплантациясы. Ал адистештирилген катетердин (жеткирүү системасы) жардамы менен сандагы артерия аркылуу жасалат. Бул учурда адамдын жүрөгү иштей берет. Мында канды жасалма жол менен айландыруу техникасы колдонулбайт жана операция үчүн адамдын денеси кескиленбейт.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости