www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомдук каналдын директорунун орду кайрадан талашка түштү. 5-октябрдан кийин өз арызы менен кызматтан кеткен Жайнак Үсөн уулу кайтып келүү аракетин көрдү эле, аны кызматкерлер телеканалдын имаратына киргизбей коюшту.
Маалым болгондой, мыйзам боюнча анда арызын кайтарып алууга үч күн бар экен.
Бул арада КТРК башчысы жок калган соң, Байкоочу кеңеш сынак жарыялаган. Директорлук орунга 15 талапкер ат салышып, сынак жакшы эле башталган. Бирок Жайнак Үсөн уулу кайрадан сотко кайрылганы белгилүү болду. Эми соттун чечими чыкканча сынак токтолуп турмак болду.
"Жайнак Үсөн уулун колдоп келген тарап, жагымсыз сөздөрдү айтып, чагым кылууга аракеттеништи", - дешет Байкоочу Кеңештин мүчөлөрү.
Эске салсак, кечээ, 26-ноябрда сот залына КТРК тараптан жооп берүү үчүн Байкоочу кеңештин мүчөлөрүн чакырышкан.
Булак: NazarNews.kg