www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон Жакупова төмөнкү тизмедеги сотторду кайра шайлабоосун өтүнүп, Президент Сооронбай Жээнбековго кат жолдоптур. Менимче бул тизме кайрадан такталып чыгыш керек. Эгер Президент бул өтүнүчтү карай турган болсо, анда биздин да соттордун үстүнөн ага айтаар датыбыз бар!

Мисалы бул тизмеде Ө.Текебаев менен Д. Чотоновду күнөөлөрү тастыкталбаса да 8.5 жылга кесип жиберген 1- Май райондук сотунун судьясы ЭРНИС УУЛУ АЙБЕКТИН аты жок.

Өзүнүн жөнөткөн чакыруу кагазы СентябрьТВга жете электе соттоп туруп, жаап салган 1- Май райондук сотунун судьясы Жылдыз Жумабаева да бул тизмеге кириши керек.

Эсиңиздерде болсо, Бишкек шаарынын МЭРи Албек Ибраимов Арашандагы мурда Максим Бакиевге тийешелүү болгон 2.7 га жерди Атамбаевге саткандыгы тууралуу фактыны Ө.Текебаев көтөрүп чыккан. Ошол ишти көтөрүп, ар-намысына шек келтирилгендиги үчүн 1 млн сом Албек Ибраимовдун пайдасына Ө.Текебаевден өндүрүлсүн деп чечип берген соттун аты жөнү тизмеде жок.

Аида Салянованын бир да кылмыш ишин тастыктабай туруп, 12 жылга кескен Ленин райондук сотунун судьясы Кубанычбек Касымбековдун фамилиясы да бул жерде көрүнбөйт!

Шайырбек Абдрахман

Булак: NazarNews.kg

Последние новости