www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казак эстрадасынын ырчылары борборубузга келип тойлорго кызмат кылып жүргөндөрүн көп эле кезиктиребиз. Жакында дагы борборубуздагы тойканаларында болуп өткөн үлпөт тойго конок болуп келген “МузАрт” тобунун солисттери менен чакан маек курдук.

Сакен Майгазиев

Туулган жылы- 1-январь, 1975-жыл

Үй-бҮлөлҮк абалы- Үй-бҮлөлҮҮ, бир уул, эки кыздын атасы

Мейрамбек Бесбаев

Туулган жылы- 7-ноябрь, 1976-жыл

Үй-бҮлөлҮк абалы- Үй-бҮлөлҮҮ, бир уул, бир кыздын атасы

Кенжебек Жанабилов

Туулган жылы- 14-июль, 1982-жыл

Үй-бҮлөлҮк абалы- Үй-бҮлөлҮҮ, эки кыздын атасы

- Салам, “Музарт”! Кыргызстанга кош келипсиздер! Кандай келип алдыңыздар?

Мейрамбек:

- Саламатсыздарбы! Эң соонун келдик. Бейиштин төрүнөн орун алган Кыргызстан бизге кучагын жайып тосуп алды. Бизди бул жакка кыргыз элинин эң таланттуу, чыгармачыл инсандары чакырышты. Аларга чоң ыраазычылык билдиребиз. Биздин достугубуз ар дайым бекемделип, ынтымагыбыз күчөй берсин!

- Кыргызстандын эмнеси сиздерге өзгөчө жагат?

Сакен:

- Эң биринчиден бизге таза абасы аябай жагат. Чек арадан өтөөр замат кадимкидей жҮзҮбҮзгө салкын жел уруп, таза аба менен дем ала баштайбыз. Мындан сырткары кыргыз калкынын мейман достугу, кичи пейилдиги, кооз жерлерин жакшы көрөбҮз. Кооз жаратылышы, керемет көлҮ, бийик тоолору тууралуу ооз толтуруп сҮйлөсөк да сөз жетпейт. Ушундай бейиштин төрҮндөй өлкөдө жашап жаткан адамдар абдан бактылуу экенин сезебиз. Жылдан-жылга биздин достугубуз кҮчөп жатат. Биздин бул жактагы досторубуз биздин Үйгө конокко келип турушат. Биз алардыкына дегендей.

- Кыргызстанга канчанчы жолу келишиңер?

Кенжебек:

- Кыргызстанга буга чейин көп эле жолу келгенбиз. Бишкек шаарына тез-тезден эле каттап турабыз. Шаарды да буюрса жакшы биле баштадык. Келген сайын Кыргызстандын башка аймактарын да кыдырып, көрҮп, таанышып кеткенге аракет кылабыз.

- Биздин өлкөгө келгениңерге эки кҮн болду. Эки кҮн аралыгында эмне менен алек болдуңар?

Мейрамбек:

- Кыргызстанга келип чоң пайда алганыбыз кыргыз элине, ал эле эмес дҮйнө жҮзҮнө таанымал, таланттуу, калемгер, жазуучу атабыз Чыңгыз Айтматовдун кҮмбөзҮнө барып, гҮл чамбар койдук. Таң эрте туруп барып Куран багыштап келдик. Бул кҮн жашообуздун жаркын кҮндөрҮнҮн катарына кошулуп, эсибизде дайым сакталат. Топтун курамындагы бардык мырзалар “Ата бейитке” барганыбызга абдан кубанып отурабыз. Мындан сырткары келгенден бери коноктон кол бошой элек. Чыгармачыл достордун ҮйлөрҮн кыдырып, конок болуп жаттык. Бишкек шаарынын болгон кооз жерлерин кыдырдык. Кыргыздын оймо-чиймелери тҮшҮрҮлгөн ресторандарга бардык. Ал ресторандар аябай кооз жасалгаланыптыр. Бизге абдан жакты. Анан да кыргыздын сулуу кыздарын көрҮп, көзҮбҮз тойбоду. Карасаң карай эле бергиң келет.

- Кыргыз кыздарына да көз салганга жетишипсиздер. Кыргыз элине кҮйөө бала болуп калууну ойлончу белеңер?

Кенжебек:

- Кыргыз кыздары чынында эле абдан сулуу келишет. Бирок, бойдок кезде кҮйөө бала болуп калууну эч ойлонбоптурбуз. Эми болсо Үй-бҮлөлҮҮ болдук. Кыргыз элине кҮйөө бала боло албай калдык го.

- Кыргыз сахнасы менен казак сахнасынын кандай айырмачылыктары бар?

Сакен:

- Чоң айырмачылык бар деп айтпайм. Биздин бир сатирик агабыз “Кыргыз менен казактын жалкоолугу да аңкоолугу да окшош” деп айткандай чынында бардык жагыбыз окшош. Көп адамдар казак менен кыргызды ажыратып, таанышса, мен таптакыр ажырата албайм.  Мисалы, сизди башында “Казак кызы экен” деп ойлодум. Ушул себептҮҮ биздин сахнабызда да айырма жок. Кыргыз элинин чыгармачыл адамдары абдан өзгөчө. КөрҮҮчҮлөр аябай берилҮҮ менен колдоп-коштоп, шаңдуу көрҮшөт. Менталитетибиз да окшош келгендиктен, өнөр адамдары мага окшош.

- Кыргыз эстрадасынан сага кайсы ырчынын ырдаганы жагат?

Кенжебек:

- Кыргыз эстрадасынан бизге жаккан ырчылар көп. Мисалы, ГҮлжигит Калыков, Мирбек Атабеков, Ильяз Абдыразаков, Султан Садыралиев, Мирлан Баеков, Кубаныч Сатаев. Бул ырчылардын аткаруу чеберчилигин, ыр тандоо стилин, сахнада өзҮлөрҮн алып жҮргөндөрҮ аябай жагат. Тараз шаарында болуп өткөн музыкалык фестивалга Султан Садыралиев катышып, биринчиликти илип кеткен. Султан аябай жан дили менен ийинге, жҮрөккө жеткире ырдайт. Биз аны баалайбыз. Бул жакка келе жатканда чет арадан бир аз өткөндө сиздердин радиолор тартат. Анан дароо коюп жакшы ырларды угабыз.

- Эми сиздер менен “Музарт” тобу тууралуу кеп козгойлу. Топтун уюшулганына канча убакыт болду?

Сакен:

- Топтун ачылуу идеясы казак жаштарына тиешелҮҮ. Алардын ичинен топтогу эски курамдагы байкелер да ачууга көмөктөшҮшкөн. Максат Базарбаев деген жигит келип, “Бизге эстрадалык топ керек болуп жатат. Сен ылайыктуу болуп турасың” деп калды. Мен сегиз сегиз жылдык музыкалык билимимди алгандан кийин топко кирдим.Топ 2001-жылдын апрель айында тҮзҮлгөн. Андан кийин Мейрамбек, Кенжебек келип калган. 15 жылдан бери ҮчөөбҮз ынтымактуу иштеп келебиз. Биздин катарынан жарыкка чыккан бардык ырларыбыздын дээрлик көпчҮлҮгҮ хитке айланды. Мындан сырткары биздин топто чектөө деген нерсе жок. Эгер биздин топту мындан ары да улантып кете турган улан-кыздар болсо жаштарга да орун беребиз.

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

Последние новости