www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакын арада өлкөдө айрым окуялар оруна алат. Бул тууралуу мамкатчы Чолпонбек Абыкеев Биринчи радионун эфиринде билдирди.

«Митингдер болот деген чакырыктар бар. Бул адамдар алдын алуу үчүн укук коргоо органдарына чакырылган. Муну саясатчылар дароо эле кысымга алып жатышат» деп чыгышты, - деди ал.

Ал 30 жылдан бери бийликте турган, мамлекеттик кызматтарда отурган жана дагы эле Жогорку Кеңешке шайланууга аракет кылып жаткан саясатчылар тууралуу да сөз кылды.

«Менимче, алар муну атайылап жасап жатышат. Аларга пиар эле керек. Эң арзан пиар - бул алардын кыйкырыгы. Аларды суракка чакырса, «камоо аракети болуп жатат», «бийлик саясатчыларга кысым көрсөтүп жатат» деген эле кыйкырыктары. Массалык маалымат каражаттары ал жакка чуркап, бул тууралуу маалымат жазышууда. Алар муну менен өздөрүнө упай топтоп жатышат», - деди Абыкеев.

Абыкеев эл анархияга жакын экенин да кошумчалады.

«Эртең 100 миң адамды чогултуп, бийликти басып алабыз деген сөздөр анархия. Алардын артында миңдеген адамдар турат деген дооматтар анархисттик аракеттер. Биз мындан арылып, демократияга келишибиз керек. Биз мыйзамдарды сыйлашыбыз керек», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости