www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу абакка кесилген «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы башчысы Айбек Калиев менен «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазовду абактан чыгарууну Жогорку Кеңештин депутаттары президент Садыр Жапаровдон өтүнгөн. Бул тууралуу президенттик администрация билдирди.

Маалыматка ылайык, ага чейин Айбек Калиев менен Салайдин Авазов өздөрү да президенттен ырайым сурашкан.

«Ырайым берилерден мурда президенттик администрация кылмыш ишин терең иликтеп чыкты. Натыйжада булар кылмыш ишиндеги негизги фигуранттар эмес экени аныкталды. Жогорку Кеңеш депутаттарынын өтүнүчүн, аларга берилген мүнөздөмөлөрдү, Мунапыс комиссиясынын сунушун карап, президент Садыр Жапаров Айбек Калиев менен Салайдин Авазовго ырайым берүүнү чечти», - деп жазылган билдирүүдө.

Маалыматта президент Садыр Жапаров Айбек Калиев менен Салайдин Авазовго ырайым берүүдө өзүнүн мамлекет башчысы катары конституциялык укугунан пайдаланганы белгиленген.

Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу абакка кесилген «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы башчысы Айбек Калиев менен «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов жаза мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кечээ, 17-сентябрда абактан чыгарылган.

Айбек Калиев 14 жылга эркинен ажыратылган. Ал Чүй облусунун Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан. «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл, үч айга абакка кесилген.

Эске салсак, 2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон бир катар чиновниктер камалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости