www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алжирдин экс-президенти Абделазиз Бутефлика 84 жашында каза болду. Бул тууалуу учурдагы мамлекет башчысы Абделмажид Тебун билдирди.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын апрелинде 1999 -жылдан бери бийликте турган Бутефлика нааразылык акциялардан улам мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Мурдагы премьер-министр Абделмажид Теббун өлкөнүн жаңы президенти болуп шайланган.

Саясий кризис Алжирде 2019-жылдын февралынын аягында 82 жаштагы Абделазиз Бутефлика 2013-жылы инсульт алганына карабай, бешинчи президенттик мөөнөткө талапкер болууну чечкенден кийин тутанган. Ошондон улам өлкөдө өкмөттү түп-тамырынан бери алмаштырууну талап кылган массалык нааразылык акциялары каптаган. Бутефликанын кетем деген убадасы да, армиянын президенттик кызматты бош деп жарыялоо чакырыгы да элдин нааразычылыгын басаңдата алган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости