www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөр: Сооронбай Жээнбеков сурак берип жатат

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков УКМКда сурак берип жатат. Бул маалыматты бүгүн, 18-сентябрда жергиликтүү басылмалар жазды.

Экс-президент Кумтөргө байланыштуу суралып жатканы айтылууда.

Эске салсак, Кумтөр иши боюнча айыпталуучулар мурдагы жана азыркы депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Исхак Пирматов болушкан, экинчиси буга чейин айып пулга соттолгон. Бул ишке тиешеси бар дагы бир адам, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов камактан бошотулган.

Парламенттин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков жана биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев дагы камакта. Мурдагы премьер-министрлер Темир Сариев менен Жоомарт Оторбаев кармалды. Жактоочулар камоону саясий куугунтук катары баалашууда.

Кыргызстанга келген экс-президент Аскар Акаев да Кумтөр иши боюнча тергөө менен кызматташууга макул болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости