www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мына сага жаңылык! Эми аскерге кыздар дагы бара алат

Куралдуу күчтөргө кызмат өтөш кыздарды ыктыярдуу чакырууга эч кандай тоскоолдуктар жок. Бул тууралуу маалыматты Башкы штабдын башкы уюштуруучулук-мобилизациялык башкармалыгынын башчысы Канатбек Шамыров билдирди. Ал бул тууралуу билдирүүнү Бишкекте болгон басма сөз жыйынында айтты.

Анын айтымында, жашы 19 жаштан 40 жашка чейинки аялдар эркектер менен бирдей эле даражада аскер кызматын өтөөгө укугу бар.

“Штабдык жумуштар,телефонисттер жана башкалар бар. Ушундай кызматтарга аларды чакырууга болот. Бирок бул офицерлерге тиешеси жок, аял офицер бул башка категория. Согуштук аскер бөлүктөрүндө аялдар кызмат өтөй албайт, бирок, калган бөлүктөргө кызмат өтөөгө укуктары бар”, - дейт Шамыров.

Мындай жаңылыкка социалдык тармактардын колдонуучулары ар кандай пикир калтырышууда. Кээ бирлери "анда эркектер эмне кылат?" деген суроо салса, кээ бирлер "аскерге баруудан баш тарткан азаматтар көп болуп, эми аялдар чакырыла баштаган го" деп кабатыр болушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости