www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы 19-сентябрдан 21-сентябрга чейин жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Буга Кытайда "Күздүн орто чени" майрамынын белгилениши себеп болууда.

"Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" менен "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү бекеттери транспорт жана жүк алып өткөндөр үчүн убактылуу жабылат", - деп айтылат маалыматта.

22-сентябрдан баштап чек ара пунктулары санитардык алгоритм менен ишин жандантат. Тагыраагы, жүк ташуучу автоунаалар Кытайдан Кыргызстанга кайрадан өткөрүлө баштайт.

Мамлекеттик чек ара кызматы өткөрүү пункттары Кытайдан Кыргызстанга товарларды ташууну гана караган атайын алгоритм боюнча иштей турганын эске салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости