www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазуучу Чолпонбек Абыкеев дүйнө жүзүндө, анын ичинен Кыргызстандан чыккан COVID-19 коронавирус илдетинин жайылышы тууралуу Фейсбуктагы баракчасына пикирин жазып чыкты. 

"Дин жолу ыймандан башталат. Дин жолуна түшөм десең, анда биринчи өзүңдү тазала. Көкүрөгүң чынчылдыкка ыймандуулукка абийирге тунсун. Оюңду, оозуңду тазала. Сылык сүйлө, сабырдуу бол, уга бил, көтөрүмдүү бол, жөнөкөй бол, жалганчылыктан кач, чындыкка жабыш, калп сүйлөбө, алдамчылыкка барба, текеберчилик кылба, бой көтөрбө. Дараметиң жеткиче башкаларга жардамдаша бил. Жаманчылык кылба. Арам жолду баспа. Аракет ишиңдин тескери жагы билинсе ошол замат моюнуңа алып ачык айтып Жараткандан жана жамааттан кечирим сура. Карасанатай иштерге барба. Жараткан Кудайым ушундай жолду жактырат. Бул жол Жараткан Кудайдын сүйгөн жолу. Мындан да көп эрежелери бар. Жок дегенде ушул эрежелерди толук сактаарыңа ишенгенден кийин анан дин жолуна түшүүгө бет ал. Ушул эрежелерди сактоого эркиң жетпесе Жараткан Кудайды алдап күнөөкөр болбо. Жараткан Кудайдын эң жаман көргөнү эки жүздүү алдамчылык. Бул эрежелер бир эле ислам динине эмес дүйнөдөгү баардык диндерге тешелүү жалпы эрежелер.

Бүгүн Кыргыз эли дааватчыларды жаман көрүп Кыргызстанга оору алып келишкени үчүн жектеп атышат. Туура алар дааватка, умрага оору жуктуруп келиш үчүн барышкан эмес. Кырсык болду. Жуктуруп келишти. Алардан бүт Кыргызстанга оору тарап атат. Алардын күүнөөсү эмнеде? Кыргызстандын босогосун атташаары менен чындыкты айтуулары керек болчу. "Мен (маселен) Пакистанда дааватта 4 ай жүрүп келдим. Ал жакта коронавирус деген оору катуу жайылууда. Мени катуу текшерип 14 күн карантинге алгыла. Кыргызстанга оору алып келип жайылтып күнөөкөр болбоюн"- деп өздөрү "Соо экенсиң. Кет"- десе да болбой карантинге камалуулары керек болчу. Мына ошондо чыныгы дин адамынын ишин жасаган болмок. Жок дегенде "Умрадан, дааватан келгендерден оору чыгып атат"- деген кабар чыгаары менен атайын жайларга келишсе болмок "Мени текшергиле. Мен да ошол сырттан келгендерденмин"- деп. Тымпыйып жашынып, "Сүрө, дуба окуп айыгып кетем, оорубай калам"- деп карасанатайлыкка барыш дин жолуна түшкөн адамдын иши эмес. Тозокко түшпөйүн деп дин иштерин жасап жүрөм дейсиңер да баскан ар бир кадамыңар сайын тозокко түшүүчү иштерди жасайсыңар. Араңарда азыр да ар жерде даавата жүрүп келгендер бар. Кыргыз эли үчүн болбосо да өз жеке тууган жакындарыңар үчүн. Өзүңөр карманган ислам дини үчүн ачыкка чыгып келип тиешелүү органдарга айткыла. "Мени текшергиле"- деп. Силер тирүү басып жүргөн жай жарылуучу бомба болуп атасыңар. Канча эрте келип текшерилсеңер ошончо жакшы болот,-дейт жазуучу Чолпонбек Абыкеев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости