www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Нур-Султан шаарында коронавирус менен ооруган жаран каза болду. Бул тууралуу казак басылмалары билдирүүдө.

“Бейтап 50 жашта, тез жардам бригадасы тарабынан 2020-жылдын 21-мартында ооруканага жаткырылган. Ал бир ай бою ооруп, бирок дарыгерлерге кайрылбай, ден-соолугуна кайдыгер мамиле жасаган. Анын байланышта болгон адамдарынын саны 31 адам болуп, алар көзөмөлгө алынды. Маркум жаран менен байланышта болгон дагы 2 жарандан коронавирус аныкталды", - деп билдирген өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Республика боюнча жалпысынан 325 коронавирус инфекциясы катталып, 21 адам айыгып, 2 адам көз жумду.

Эске сала кетсек, коронавирус Казакстанда 13-мартта аныкталган. Казакстанда өзгөчө кырдаал 16-мартта саат 8:00дөн тарта киргизилген жана 15-апрелге чейин созулат. 19-марттан баштап Нур-Султан жана Алматы шаарларына карантин киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости