www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илимпоздордун ит жыгылыш интригасы аяктабай, «спектакль» аябай көп актылуу болуп баратат.

Чын эй, бир топтон бери Кыргыз Улуттук Илимдер академиясына жаңы жетекчини дайындай албай убарабыз. Абдыганы Эркебаев өз каалоосу менен кызматтан кеткен соң, ал орунга мурунку өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин келе тургандыгы айтылган, бирок, али күнчө дайын жок.

Бирөө-жарымдар Чолпонкул Арабаевдин келээрин айтууда. Бирок, бул киши ким жана илимге кандай салым кошконун билбейт экенбиз. Ырас, кезинде ректор да болуп, ошол эле маалда Акаевдин чачпагын көтөрө чуркап жүргөндүгү эсте. Акыркы учурда илимдер академиясында орун басар катары эмгектенип келген Чолпонку Арабаев академияны жетектей турган болсо, жыргаган экенбиз.

Айтылуу Арабаев деген фамилияны алып жүргөн соң кыйын киши го десек, кыйын эмес бай дешет. «Бай болсо андан бетер жакшы, акылга байбы?» – десек, байлыкты пул жана мал менен ченеген киши экен.

Аныгында улуу инсан Ишенаалы Арабаев бүткүл кыргыздын кат сабатын жоюусуна кам көрүп, алгач алиппени түзгөндүктөн анын байлыгы азыр бүт Кыргыздын көзүн ачып, багып да атат. Ал эми бул Арабаевдин кандай эмгектери бар? Же Арабаевден башка илимпоз Кыргызстанда калбай калганбы.

Булак: "Де-Факто"

Последние новости